• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Сүйүнчү" алуу үчүн арыздарды каттоо башталууда

Өкмөт 0

Бишкек, 05.02.18 /Кабар/. Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө процедурасын жеңилдетүү максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы №1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүнүштөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын базасында уюштурулган маалыматтык күркөлөрдүн кызматкерлери тарабынан бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын тиркемеге ылайык форма боюнча арыздарын каттоо боюнча функцияларды аткаруу жана андан ары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине электрондук форматта өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Аны менен катар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө долбоордун жыйынтыктарын жалпылап, пилоттук долбоор оң жыйынтык берген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду туруктуу негизде чектөө жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган сунуштарды киргизип туруусу зарыл.

Төмөнкү пилоттук 2018-жылдын 5-февралынан тартып 2018-жылдын 30-апрелине чейин жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда бир жолку жөлөкпулду чектөөгө арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашат, жөлөкпулду Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандарга гана чектелет.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоордун алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда электрондук форматта маалымат алмашуу акысыз негизде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий