• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үсөнбаев: Кыргызстанда коронавирустан улам балдардын абалы оорлошуп кеткенин байкай элекпиз

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан улам балдардын абалы оорлошуп кеткенин байкай элекпиз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, балдарда клиникалык белгилер байкалган жок жана алар дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат.

"Өлкөдө 1 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы балдар коронавирусту жуктуруп алганы буга чейин айтылган. Алар жакын байланыштын негизинде илдетти жуктуруп алган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, балдарда коронавирус илдети жеңил же байкалбай өтүп кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да Кыргызстанда коронавирустан улам балдардын абалы оорлошуп кеткенин байкай элекпиз", - дейт ал.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 430га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкер. Коронавирустан 71 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий