• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

С.Раев КР жана РФ Эриш-аркак жылы тууралуу: Биринчи жолу постсоветтик өлкөлөрдүн арасында мындай масштабдуу иш-чара өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын жана Россиянын Эриш-аркак жылы зор саясий мааниге ээ. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев Мамлекеттик Кремль сарайында өткөн Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземинде билдирди.

Раев белгилегендей, биринчи жолу постсоветтик өлкөлөрдүн арасында мындай масштабдуу иш-чара өтүүдө. Эриш-аркак жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиленин жаңы деңгээли. Бул жылдын алкагында маданий-гуманитардык гана иш-чаралар өтпөстөн, өз ара мамилелердин бардык чөйрөлөрүндө, алардын ичинде саясий, экономикалык коргонуу жана коопсуздук чөйрөлөрүндө да өтмөкчү. Эриш-аркак жылы мамилелердин бардык спектрлерин камтыйт. Бул жылдын ичинде Кыргызстан жана Россиянын аймагында жогорудагы айтылган иш-чаралар өтмөкчү. Ал эми Кремль сарайында иш-чаралар старт алды.

“Биз Эриш-аркак жылынан чоң өзгөрүүлөрдү - мамилелердин бардык чөйрөлөрүндө күчтөнүүнү күтүп жатабыз. Эриш-аркак жылы кыргыз-россия мамилелеринин стратегиялык кызматтыштыгынын жаңы деңгээли. Бул жаңы импульс жана жаңы өсүш ”,- деди ал.

Ошондой эле Раев билдиргендей, Кыргызстан иш-чаралардын маданий-гуманитардык бөлүгү боюнча толук даяр. Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы Бишкекте март айында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин катышуусунда өтөт. Россиядан чоң топтор жана коллективдер келет. Алар Бишкекте гана концерт койбостон, өлкөнүн жети облусунда концерт беришет.

Жазуучу кошумчалагандай, Эриш-аркак жылынын алкагында маданият чөйрөсүнө көбүрөөк көңүл бурулмакчы, тактап айтканда, жаңы биргелешкен долбоорлор ишке ашат.

Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи 27-февраль күнү Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өттү. Ага Кыргызстан менен Россиянын 200дөн ашык маданият кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий