• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

С.Жапаровдун абалы канааттандырарлык, анын эч кимге доосу жок – М.Жээнчороев

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары №47 абакка келип, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун абалын көрүп кетишти.

Депутат Мирлан Жээнчороев “Кабар” агенттигине билдиргендей, С.Жапаровдун ал-акыбалы канааттандырарлык.

“Ал өзүнө-зү жакшы сезип жатканын айтты. Эч кимге, анын ичинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине доосу жок. Ошондой эле, өзүнүн тарапташтарынын жана туугандарынын митингге чыкпоосун өтүндү. Ал бардыгы мыйзамдын чегинде чечилиши керек деп эсептейт”,-деди М.Жээнчороев.

Эскерте кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2017-жылы 25-мартта өзүнө карата козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Кылмыш иши КРнын Кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелерине (өлтүрүү менен коркутуу, барымтага алуу, бейбаштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу) ылайык кылмыш белгилери боюнча козголгон. Тергөөдө 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митинг учурунда каршылык акциясынын катышуучулары КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди күч колдонуп, облустук администрациянын жанында токтоп турган унаага салышып, кийин аны барымтада кармап турушканы белгилүү болгон.

2017-жылы 2-апрель күнү эртең менен С.Жапаров СИЗО-1дин камерасында өзүн-өзү кескилеп салган.

Пикир

Оставить комментарий