• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

С.Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүү Концепциясы региондордун туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү Концепциясы региондордун туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берип жатып билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Аймактык саясат Концепциясы ар бир облустун географиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша өнүктүрүүгө багытталган. Документте өнүгүү точкаларын аныкталып, жер-жерлерде экономиканы, класстердик принципти өнүктүрүүнү көздөйт», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аймактык саясат Концепциясы аймактардын оюн эске алуу менен иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

«Документке ылайык, алгачкы 20 пилоттук шаарлар жана айылдык пункттар тандалып алынган. Тандалган аймактардын негизинде базалык борбор түзүү үчүн алгачкы иштер Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен жана Кочкор-Ата шаарларында башталат. Бүгүнкү күндө Каракол жана Ош шаарларын өнүктүрүү долбоорлору аягына чыгуу алдында турат, Жалал-Абаддын программасы аяктап, аны ишке ашыруу планы аныкталууда», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий