• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы бир катар түзөтүү мекемелерин бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Юстиция министрлиги караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагынын жана кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальондун имараттарын бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил бак, музей, оюн зоок борбору салынат.

Министрлер кабинетинин башчысы эски имараттарды бузуу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий