• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облустук сотунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Жогорку соттон билдиришкендей, онлайн жыйын бүгүн, 6-февралда өтүп, ага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, төраганын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков, Нургүл Бакирова, ошондой эле Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев, жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары катышты.

Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Бактыбек Султанканов, Азамат Алдашов жана Бакыт Ибраимов биринчи инстанциядагы соттордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, судьяларга жүктөлгөн жүктөм жана судьялар тарабынан сот иштерин кароонун сапаты тууралуу маалыматтар менен тааныштырды. Ошондой эле иштерди кароодо пайда болгон маселелер талкууланып, биринчи инстанциядагы соттордун апелляциялык тартипте каралган сот актыларын жокко чыгаруунун жана өзгөртүүнүн негиздери айтылды.

Статистикалык маалыматка ылайык, Баткен обласунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан 2023-жылдын 12 айында жалпы 7973 иш жана соттук материалдар каралган болсо, салыштырмалуу ошол мезгилге 2022-жылы – 8141 иш жана материал же 2,06% пайызга аз каралган, анын ичинен апелляциялык тартипте 585 иш жана соттук материалдар боюнча соттук актыларына даттанган болсо (2022-жылы – 566 иш) же 3,35% пайызга көбөйгөн.

Жыйындын жүрүшүндө кассациялык инстанцияга даттанган сот актылары боюнча статистикалык маалыматтар да берилди.

Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү боюнча жалпылоо баяндама жасап, анда биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун иштерди кароонун сапаты боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Замирбек Базарбеков өткөн жылдын жыйынтыгы менен Жогорку сот тарабынан актоо өкүмдөр чыккан бир топ иштерге талдоо жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Анын жыйынтыгы менен көп учурда кылмыштын курамы жоктугуна, айыпталуучунун айыбын тастыктоочу далилдердин жетишсиздигине байланыштуу жазык иштер боюнча актоо өкүмдөрү кабыл алынгандыгын айтты.

“Соттор тарабынан чыгарылган жеке аныктамаларга тийиштүү мекемелер тарабынан көп учурларда чаралар көрүлбөй, жооптор берилбей, көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактыларына толук кандуу көңүл бурулбай жатат.

Мисалы, 2023-жыл ичинде мыйзам бузуу фактыларын четтетүү максатында ишкана, мекемелер дарегине шаардык, райондук соттор тарабынан жалпы 572 жеке аныктамалар киргизилген болсо, анын ичинен Баткен облусу боюнча болгону 19 жеке аныктама чыгарылган, башкача айтканда 3,32%ды түзөт. Бул көрсөткүч мактанаарлык эмес.

Ал эми бардык административдик соттор тарабынан 35 жеке аныктама чыгарылган болсо, анын ичинен Баткен облусунун административдик соту 6 жеке аныктама чыгарган, бул 17,14%ды түзүп салыштырмалуу жакшы натыйжа көрүнүп турат”, - деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Мындан тышкары, Замирбек Базарбеков кеңешмени жыйынтыктап жатып, Жогорку сотко кайрылгандардын көбү айрым соттордун ишине нааразы экендигин, иштер өз убагында каралбай созулуп жаткандыгын жана мыйзамсыз чечимдердин болуп жаткандыгын айтты.

Судьялар өз ишин аткарууда, адамдардын тагдырын чечүүдө бир гана Мыйзамга баш ийиши керек экендигин белгиледи. Сот иштери материалдык жана процессуалдык мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык өз убагында жана сапаттуу каралып, чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш экендигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий