• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саат 14:20. Чоң-Алайдагы атышуу токтоду. Тараптар сүйлөшүү өткөрдү

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы атышуу токтоду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чоң-Алайдагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали ортосунда сүйлөшүү болду.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап кыргыз чек арачыларынын Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы позицияларын миномет жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоосун токтоткон.

Кыргыз Чек ара кызматы чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Кечээ, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын 137 миңден ашык тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 121 кыргызстандык жабыркап, 24 кыргызстандык (Достук айылынын 15 жаштагы Э.М. аттуу тургуну) мерт кетти.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну токтотууну макулдашты.

Макулдашуудан кийин кыргыз тарап ок атууну токтотту, бирок тажик тарап маал-маалы менен ок чыгарган. Саат 18:30га карата жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларына кайрадан ок чыгарды.

Бүгүн, 17-сентябрда саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине, саат 11:15те Достук айылына миномет менен аткылаган. Ал эми саат 12:37де Тажикстан Оштун Чоң-Алай районунун Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позициясын миномет менен аткылашкан.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чек арадагы кырдаал курч бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий