• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров бир катар мамлекеттердин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөдө аккредиттелген бир катар чет мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Катар Мамлекетинин элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри, Бишкектеги резиденциясы менен Түркмөнстандын элчиси Нуры Голлиев, Москва шаарындагы резиденциясы менен Ирландия Республикасынын элчиси Брайан Макэлдафф, Астанадагы резиденциясы менен Словакия Республикасынын элчиси Роберт Кирнаг, Исламабад шаарындагы резиденциясы менен Филиппин Республикасынын элчиси Мария Агнес М.Сервантес, Астанадагы резиденциясы менен Чехия Республикасынын элчиси Павол Шепеляк, Астанадагы резиденциясы менен Литва Республикасынын элчиси Эгидиюс Навикас, Астанадагы резиденциясы менен Ватикандын элчиси, Апостол Нунций Джордж Панамтундиль, Астанадагы резиденциясы менен Нидерланддар Королдугунун элчиси Николаас Якоб Схермерстер тапшырышты.

Чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларын Ардактуу кароол тосуп алды.

Президент элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоодо ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, саясий диалогду активдештирүүгө, туристтик байланыштарды кеңейтүүгө жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда натыйжалуу иштерди жолго коюуга даяр экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан ачык жана тынчтыкты кубаттаган тышкы саясатты карманаарын, анын негизги максаты – дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен достук жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүү экендигин баса белгиледи.

Ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары негизги ролду ойноорун айтып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө элчилердин жигердүү ишине ишенерин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров элчилерди өлкөдөгү жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн Кыргызстандын Министрлер Кабинети тарабынан ар тараптуу колдоо болоорун ишендирди.

Өз кезегинде элчилер мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мамилелерди чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий