• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров COVID-19га каршы эмдөөнүн төмөндүгүнө тынчсыздануусун билдирди

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде өклөдө COVID-19га каршы эмдөөнүн төмөнкү темпине тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, 2 жылдан бери дүйнө жүзү COVID-19га каршы тынымсыз күрөшүп келе жатат.

“Учурда бюджеттен каражат бөлүп берип, вакцина сатып алдык. Кээ бир өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер берилип жаткан вакцинаны алгандан эринип, кайдыгерлик мамиле кылган жарандарыбыз көп. Бул маселеге жергиликтүү бийликтен баштап, баарыбыз жапа тырмак киришип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүп жатат. Анын ишине КР президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат

Пикир

Оставить комментарий