• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров ишкерлер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Өлкөнүн экономикасынын алдында турган учурдагы чакырыктардын шартында экономикалык өсүүнүн жана социалдык өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы болуп эсептелген ишкердик субъекттерге дем берүүгө жана колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой болсо да, көптөгөн ишкерлер расмий эмес сектордо иштөөсүн улантууда, бул өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана инновациялык потенциалын өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жаратууда.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин колдонуудагы ставкасы бизнестин өкүлдөрү туш болгон эң курч проблемалардын бири болуп саналат. Иш берүүчү төлөгөн социалдык чегерүүлөр салыктык чегерүүлөрдүн суммасынан олуттуу ашат, муну менен кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмдөрүн төмөндөтүү үчүн негиздер түзүлүп жатат жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымсыз экономикалык чөйрөнүн келип чыгуусуна түрткү болууда.

Бизнес үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү, активдүүлүгүнө дем берүү, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн көбөйтүү жана финансылык оорчулукту жеңилдетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун киргизсин:

1) бюджеттик уюмдарды жана жогорку кирешелүү тармактарды (пайдалуу кендерди казып алууну; электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылууну (жабдууну); маалыматты жана байланышты; акциздик товарларды (алкоголдук, тамеки буюмдары жана күйүүчү-майлоочу материалдар) сатууну; коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелерди) кошпогондо, ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүүнү;

2) кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акыны (кирешени) жашыргандыгы үчүн иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин;

3) салык салуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө максаттары үчүн эмгек акыны белгилөө боюнча талаптарды аныктоону;

4) республикалык бюджетке киреше салыгынан чегерүүлөрдүн ченемин белгилөөнү;
– республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кошумча ассигнованиелерди карасын.

Пикир

Оставить комментарий