• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Башкы машыктыруучу: Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында КР командасынын жеңишке жетүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк бар

Спорт 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. 10-16-мартта Бишкекте өтө турган хоккей боюнча дүйнө биринчилигинде (ЗА дивизиону) Кыргызстандын курама командасынын жеңишке жетүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар - күйөрмандардын колдоосу жардам берет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын хоккей курама командасынын башкы машыктыруучусу Саламат Тыналиев билдирди.

Машыктыруучунун маалыматына караганда, Кыргызстандын командасы машыгууларды 19-февралда баштаган, азыр спортчулар психиологиялык жана теоретикалык (каршылаштарды изилдөө) даярдыктан өтүшүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев белгилегендей, 2022-жылы Бишкекте 4-дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтүп, анда Кыргызстандын командасы биринчи орунду ээлеп, 3-дивизионго чыккан. "Эми биздин команда 3А дивизионунан 2В дивизионуна өтүү үчүн күрөшөт. Анын атаандаштары Мексика, Түштүк Африка, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланд курамалары болмокчу", - деди ал.

"Жаштык" спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын директору Урмат Асанбаев чемпионатты өткөрүүгө 3 млн сом бөлүнгөнүн, ал муз аянтчасын ижарага алууга, спорттук иш-чаранынын ачылыш жана жабылыш аземин уюштуруу жана Кыргызстандын командасын камсыздоого жумшаларын белгиледи.

Көрүүчүлөргө театрлаштырылган лазердик шоу көрсөтүлө турган ачылыш аземине КР президентине Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

КР хоккей федерациясынын вице-президенти Эльдар Болотбеков азыркы учурда уюштуруу маселелери боюнча чепионатты өткөрүүгө 97% даяр экенин кошумчалады.

Атаандаштардын даярдык деңгээли жана кыргызстандыктардын биринчи орунду ээлөө мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого Болотбеков мындай деп жооп берди: "Алдын ала бир нерсе дей албайбыз. Ар бир команда күчтүү, биз ар бир оюнга олуттуу даярданабыз".

Пикир

Оставить комментарий