• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга, тактап айтканда, билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөдөгү оң өзгөрүүлөргө көңүл буруп, акыркы жылдары Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунду ээлеп жатканын белгиледи. Өлкөнүн саясий жана экономикалык стабилдүүлүгүн камсыз кылуу, аны социалдык жана маданий өнүктүрүү боюнча күчөтүлгөн иш алып барылууда.

Ал белгилегендей, көрүлүп жаткан күч-аракеттер, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, технологиялык сабаттуулукту жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, адистерди даярдоого жана Кыргызстандын бардык жарандары үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Жеке адамдын руханий-адептик жактан өнүгүүсүнө жана дене тарбиясына өзгөчө басым жасалууда.

Акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын президент белгиледи.

Садыр Жапаров улуттук креативдүү индустрияны өнүктүрүүдө, биринчи кезекте Борбор Азияда технологияларды жана санариптик инновацияларды колдонуу боюнча аймактык демилгелердин алкагында ЮНЕСКОнун көмөгүнө үмүт артарын айтты.

Садыр Жапаров акыркы ондогон жылдар бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин чечүү үчүн эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарынын активдүү жактоочусу бойдон калгандыгын эскертип өттү.

“Биологиялык жана геологиялык ар түрдүүлүктү илгерилетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, илимий изилдөө, божомолдоо жаатында Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу жана этият пайдалануу аркылуу тоо экосистемаларын сактоого жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ойлойм", - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент климаттын өзгөрүшү темасын талкуулап жатып, ЮНЕСКОнун Башкы директору Адыгене жана Голубин мөңгүлөрүнө Кыргызстанда барууну пландап жатканын канааттануу менен белгиледи. Буга чейин Нью-Йорктогу жолугушууда Садыр Жапаров Одрэ Азулени Кыргызстанга келип, мөңгүлөрдүн аянты азайганын өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырган.

ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле өз кезегинде мамлекет башчысына меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга биринчи жолу келүү ал үчүн сыймык экенин белгиледи.

Ал ЮНЕСКО менен кызматташуу маселелеринде адамзаттын маданий жана тарыхый мурастарын сактоо ишинде Кыргызстандын активдүү позициясын абдан канааттануу менен баса белгиледи.

Мындан тышкары, Одрэ Азуле Кыргызстандагы материалдык эмес мурастардын көптүгүн жана ар түрдүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтерин келечек муундар үчүн сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ЮНЕСКОнун башкы директору Садыр Жапаровго аталган мөңгүлөргө Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында жеке өзү баруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, тоолуу өлкөлөрдүн климатын өзгөртүү маселелеринде кызматташууну кеңейтүүгө көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда Одрэ Азуле президентке манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды.

Тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыкты, ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы пландарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий