• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ААКнын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКда болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысына өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана аны модернизациялоо пландары тууралуу маалымат берилди.

Учурда «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК долбоорлоо, модернизациялоо үчүн жабдууларды жеткирүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген продукцияны чыгарууга өтүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү чараларды көрүп жатат. Модернизациялоонун натыйжасында заводдун продукциясынын ассортименти бир кыйла кеңейет. Бул мунай өнүмдөрүнүн сегментинде жаңы рыноктордун өнүгүшүн камсыз кылат жана ТРТСтин Евро-4 жана Евро-5 ченемдик талаптарына жооп берет.

Мамлекет башчысына «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүнүн тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Алсак, завод 2020-жылы 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, үстүбүздөгү жылы ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түздү.

Ийгиликтүү көрсөткүчтөргө «Кыргыз Петролеум Компани» ААКка 100% ээлик кылган «Кыргызнефтегаз» ЖАК дагы жетишкен. Алсак, компаниянын үстүбүздөгү жылдагы таза кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу 558 миллион сомдон 2,5 миллиард сомго (өсүү 4,5 эсеге), мунай өндүрүү 147 миң тоннадан 173 миң тоннага (1,2 эсеге өсүү), 2021-жылы салыктык чегерүү былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 884 миллион сомго (1,5 эсеге өскөн) өсүп 1,4 миллиард сомду түздү, 2020-жылы кайра иштетүү көлөмү 132 миң тоннаны, быйыл 165 миң тоннаны (өсүү 1,3 эсеге) түздү.

Садыр Жапаров быйылкы жылы ишкананын ишмердүүлүгүнүн оң динамикасын белгилеп, уурулук кылбай, таза иштөөгө болоорун белгиледи.

«Мен буга чейин бул жакка келип кеткем. Ишкананы жакшы сактап калыпсыңыздар. Бул багытта иш алып барган облустагы жалгыз ишкана. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн керектөөсүнүн 6-7% гана камсыздайт, бул жетишсиз. Завод жылына 500 миң тонна мунай иштетүүгө жөндөмдүү, аны ушул көрсөткүчкө жеткирүү зарыл», - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн иштеп, мамлекеттик ишканалар ушундай жол менен жанданып жатканын баса белгиледи. Мисалы, «Манас» эл аралык аэропорту 3 миллиард сом таза киреше тапса, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы да кирешеси жок болсо, азыр анын таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түздү.

Садыр Жапаров мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин ак ниет жана таза эмгегинен алардын бакубаттулугу көз каранды экенин, бул алардын маянасына оң таасирин тийгизерин белгиледи. Жер жерлерде коррупцияга жана анын ар кандай көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү маанилүү.

Мамлекет башчысы мунай иштетүүчү ишканаларды модернизациялоо жана чыгарылган өнүмдүн сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ишкананы иштетүү жана модернизациялоо боюнча маселелерди өз убагында чечүүнү тапшырды.

Андан соң президент Садыр Жапаров өндүрүш тилкесин карап, өндүрүштүк бөлүмдүн иш процесси менен таанышып, ошондой эле ишкананын кызматкерлери менен баарлашып жана алардын иштөө шарттарына кызыкты.

Кызматкерлер менен болгон баарлашууда мамлекет башчысы ишкананы модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул үчүн мамлекет керектүү каражатты табаарын билдирди.

Өз кезегинде кызматкерлер мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти. Айтымдарында, жаңы жетекчилик алардын иштөө шарттарын жакшыртууда, анын ичинде ишкананын жумушчуларынын эмгек акысы көтөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий