• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду, - деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

3-декабрь — дүйнө жүзү менен бирге Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары сый-урмат көрсөтүү күнү катары белгиленип келет. Алардын өзгөчө муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө бүгүн эле эмес, ар дайым көңүл буруу максатында иш-аракеттер көрүлүүдө.

БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын мамлекетибиз ратификациялагандан бери биз андай жарандарга инфратүзүмдүн жеткиликтүүлүгүн, мыйзам астында билимге, эмгекке жана иш менен камсыз болууга тең укуктуулугун жүзөгө ашыруу боюнча мидеттенмелерди өзүбүзгө алдык.

Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар „2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы“, „2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы“ сыяктуу стратегиялык программалардын маанилүү бөлүгү. Аларды ишке ашыруу майыптарды реабилитациялоо жана коомго толук кандуу кошуу чараларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты мындан ары да улантууга мүмкүндүк түзөт.

Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо менен республикабызда аныкталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 196,4 миңге жакын адамдын жашоо шартын жакшыртуу иш-аракетин көрүп жатат.

Майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу алардын жашоо-турмушуна каражат табуусуна гана өбөлгө түзбөстөн, коомго керек экендигин сезүүсүнө да шарт-жагдай түзөт. Алар иштеген учурда башка кишилер менен баарлашып көңүлү сергийт, дос-тамыр күтөт. Майыптыгы бар жарандарга жумуш орундары эле эмес, театр, музей жана башка эс алуу, оюн-зоок жайлары жеткиликтүү болууга тийиш.

Урматтуу мекендештер!

Элибиз эзелтеден кайрымдуу. Калк арасында майыптыгы бар адамдарга боорукер, мээримдүү мамиле жасап, аларга каралашкан инсандарыбыз көп. Ага жараша мамлекет менен коом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ар тараптан колдоо саясатын мындан ары да арттырат. Андай жарандардын жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер ар дайым аткаруу бийлигинин көңүл чордонунда болот.

Баарыңыздардын алдыга койгон ой-максаттарыңырга жетишиңерге тилектешмин. Сиздерге жашоодо бекем ишеним, майтарылгыс эрк, кайрат, оптимизм каалайм. Эң негизгиси жакындарыңыз менен катар эле мамлекетиңиздин да колдоосу бар экенине дайыма ишениңиздер!»

Пикир

Оставить комментарий