• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Президент 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон бүгүн, 30-июнда, телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери Борбордук Азия мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекет жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий