• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров ханзаада Рахим Ага Ханды кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, ханзаада Рахим Ага Ханды кабыл алды.

Кыргызстан менен Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын (АКДН) ортосундагы, тактап айтканда билим берүү, экология жана жашыл экономика чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ханзаада Ага Хан IVнүн эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын тоолуу аймактарында калктын аярлуу катмарынын жашоо шарттарын жакшыртууга кошкон зор салымын жогору бааларын айтты. Ал ошондой эле Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Афганистандын жаштарына сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Президент экология тармагында, өзгөчө климаттын өзгөрүү шарттарында, ошондой эле жашыл жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө кызматташуунун маанисин баса белгилеп, АКДНди климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине каршы турууда жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Өз кезегинде ханзада Рахим Ага Хан Ага Хан өнүктүрүү уюмунун иши 2001-жылы Кыргызстанда башталгандан бери жетишилген биргелешкен ийгиликтерге токтолуп, Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана Кыргызстандын улуттук артыкчылыктарына шайкеш келген институттарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул процессте жардам берүүгө даяр экендигин айтты. Рахим Ага Хан ошондой эле Кыргызстандын экономика жана тышкы саясат өңдүү тармактардагы жетишкендиктерин белгилеп, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелеринде кыргыз өкмөтүнүн көрөгөчтүгүн таануусун билдирди.

Аягында тараптар Кыргызстан менен Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын мындан аркы жемиштүү кызматташтыгына жана жарандардын жашоосун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү максаттарга жетүүсүнө ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий