• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-вьетнам кызматташтыгын тереңдетүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Вьетнамдын тышкы иштер министринин орун басары Нгуен Минь Ханг менен жолугушту.

Кыргызстан ТИМинен билдиришкендей, жолугушуу Түркияда өтүп жаткан Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар кыргыз-вьетнам мамилелеринин ар түрдүү тармактарда, тактап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө учурдагы абалын жана мындан ары кызматташтыкты тереңдетүү келечегин кылдаттык менен карап чыгышты.

Экономика жана соода министрлеринин иш сапарларын уюштуруу, саясий кеңештерди өткөрүү, текстиль өнөр жайы жана башка тармактарда тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Министр Жээнбек Кулубаев мындан ары саясий байланыштарды бекемдөө жана кыргыз-вьетнам өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери боюнча да пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий