• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

Саясат 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылы мартта КР президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен барган.

Эки өлкөнүн башчылары тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашкан.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлуп, анын ичинде мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий