• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 57 кг салмак категориясында күч сынашууда.

Мунарбек Сейитбек уулу 1/32 финалдан баштап, алгач пуэрто-рикалык спортчуну жеңген. Андан кийин таиланддык мушкерди, чейрек финалда мексикалык спортчуну утту.

Белгилей кетсек, жарым финалда өзбекстандык спортчу менен күч сынашат.

Мелдеш 12-майда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий