• 88.68
  • 95
  • 0.95

UWW уюму Бишкекте күрөш боюнча рейтингдик мелдешти өткөрүүгө уруксат берди

Спорт 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Бишкекте күрөш боюнча рейтингдик мелдешти өткөрүү боюнча Кыргызстандын күрөш федерациясынын арызын канааттандырды.

Федерациянын маалыматына ылайык, 2023-жылдагы үчүнчү рейтингдик мелдеш 1-4-июнда Бишкекте өтүп, Kaba Uulu Kozhomkul & Raatbek Sanatbaev деп аталат. Анда балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча килемге чыгат.

Мындан сырткары, UWW уюму Бишкекте дагы бир турнирди өткөрүүнү колдоду. Борбор калаада 10-18-июнда жаштар арасында күрөш боюнча U17 жана U23 Азия чемпионаты өтөт.

Эскерте кетсек, Бишкекте 2022-жылы U17 жана U23 Азия чемпионаты, 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпионаты жана 2012-жылы кадеттер арасында Азия чемпионаты өткөн.

Пикир

Оставить комментарий