• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Унаа" мамлекеттик мекемеси Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн ишин эске салат

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы райондук бөлүмдөрү иш алып барууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүндө унааны каттоого же кайра каттоону каалагандардын узун кезеги түзүлүп, райондук бөлүмдөргө кайрылган жарандар өтө аз болууда. Буга байланыштуу "Унаа" мекемеси Бишкек шаарында бир нече каттоо жана кайра каттоо бөлүмдөрү бар экенин эскертет:

Батыш калкты тейлөө борбору

  • Б.Алыкулов көчөсүндөгү "2 Прораба" соода борборунда жайгашкан;
  • тел: 0312 888614,
  • иш графиги - бейшембиден дүйшөмбүгө чейин саат 08:30дан 17:30га чейин, тыныгуу менен 12:00дөн 13:00гө чейин;
  • дем алыш - шейшемби жана шаршемби күндөрү;

Аламүдүн бөлүмү

  • Элебесов көчөсү, №206 дарегинде жайгашкан;
  • тел: 0312 678882;
  • иш графиги - дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:30дан 17:30га чейин, тыныгуу менен 12:00дөн 13:00гө чейин,
  • дем алыш - ишемби жана жекшемби күндөрү;

Райондор аралык бөлүм

  • Военно-Антоновка айылындагы "РИОМ" унаа базарынын аймагында жайгашкан;
  • тел: 0312 463910;
  • иш графиги ишембиден шаршембиге чейин саат 08:30дан 17:30га чейин, тыныгуу менен 12:00дөн 13:00гө чейин;
  • дем алыш - бейшемби жана жума күндөрү.

"Убактыңызды үнөмдөө, узун кезекке турбоо жана мекеменин иши менен таанышуу үчүн каалаган бөлүмгө кайрылып же алдын ала чалып билсеңиз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий