• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет

Президент 0

Бишкек, 04.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, мамлекеттик тышкы карыз төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет деп белгиледи.

Өлкө башчынын айтымында, мурда тышкы карызды төлөө үчүн кайра эле тыштан карыз алынып, же гранттык каражаттар менен жабылып келген.

"Урматтуу Кыргызстандыктар!

Эгемендик алып, өз алдынча мамлекет болгон күндөн тартып 2020-жылга чейин чогулган карызыбыз 5 млрд АКШ долларынын тегереги болгон. Ушул карызды үстөгү менен толу кайтара турган мезгил менин жана менин командамдын бийликте турган мөөнөтүнө туш келип олтурат. Пандемияга чейинки Кыргызстандагы кризис, бюджеттин тартыштыгы, пандемиядагы жана пандемиядан кийинки кризис жана дүйнөдө болуп жаткан азыркы каатчылыктарга карабай, өз убагында төлөп келе жатабыз.

Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет.

Анткени бюджетибизди 2020-жылга чейинки убакытка караганда үч эсе көтөрүп алдык.

Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат.

Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдары "тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен" деп элибиз бушайман боло баштаган. Азыр андай кыжаалатчылык жок.

Тескерисинче, тышкы карызды төлөө менен бирге эле, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жатабыз.

Армиябызды күчтөөнүн үстүндөбүз.

Акыркы эки жылда эле эки миллиард долларга жакын каражатка жаңы үлгүдөгү заманбап техникаларды сатып алдык.

Жолдор салынууда. Мектептерди, бала-бакчаларды, темир жол, ири ГЭСтерди, аэропортторду куруп жатабыз.

Ички аба каттамдар үчүн төрт учак сатып алуудабыз.

1000 автобус сатып алдык.

Белгилей кетчү жагдай, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки - 2024-жылга туура келүүдө (төмөндөгү диаграммадан көрсөңүздөр болот). Эң башкысы, биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен жаап жатабыз. Мурда болсо кайсыл бир бөлүгүн кайра эле тыштан же грант, же карыз алып жапчубуз.

Эгер азыркы тышкы карызыбызга кетип жаткан акча казынабызда калганда, мындан да көп жумуштар аткарылмак.

Эмгек акылар, пенсия, жөлөк пулдардын өлчөмү мындан да көп эсе жогоруламак", - деп жазды Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий