• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров жана биринчи айым Бишкектеги Нооруз майрамына катышты (видео)

Президент 0


Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык салтанат атайын даярдалган концерттик программа менен башталды.

Андан кийин мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алган Нооруз майрамы менен жалпы мекендештерди куттуктады.

Садыр Жапаров улустун улуу күнүндө жалпы кыргызстандыктарга жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге баш калаанын борбордук аянтында орнотулган боз үй шаарчасын, “Искусство мектептеринин” жана “Балдар чыгармачылык борборлорунун” жеткинчектери жасаган буюм-тайымдар көргөзмөсүн кыдырып басып, майрамдык сүмөлөктүн даамын татып көрүштү.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий