• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 12.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-июнда, жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы - Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жеңил өнөр жай тармагы чакан жана орто ишкерликтин эң динамикалуу өнүгүп жаткан багыты болуп саналат. Анын үлүшүнө өндүрүлүп жаткан продукциянын жалпы көлөмүнүн 3 пайызы жана жалпы өнөр жай тармагында иштегендердин санынын 30 пайызы туура келет. Бул көрсөткүчтөр республикабыздын жеңил өнөр жайы эң көп жумуш орундары менен камсыздап, социалдык маселелердин чечилишине олуттуу салым кошуп жаткандыгын айтып турат.

Ата мекендик тигүү ишканаларынын продукциялары ЕАЭБ өлкөлөрүндө атаандаштыкка жөндөмдүү экени маалым. Ошондой эле республиканын экспорттук товарларынын маанилүү позициясында турат. Буга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекет тарабынан аталган тармактын өзгөчө ролу баса белгиленип, кабыл алынган чечимдер жана албетте, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер түрткү болду.

Жеңил өнөр жай тармагындагы ишканалардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин өжөрлүгүнүн, жигердүү жана салмактуу аракеттеринин аркасында аймактарда жумуш орундары ачылып, калктын миграциялык агымын кармап турат. Өткөн жылы эле 1500дөн ашык жумуш орундары түзүлгөн болсо, быйыл дагы миңге жакын жумуш орундарынын ачылышы күтүлүүдө.

Кыргызстан өзүн жеңил өнөр жай тармагы боюнча кызматташууда ишенимдүү өнөктөш экенин көрсөтө алды. Бизде керектөөчүлөр үчүн маанилүү болгон өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар.

Алдыбызда өндүрүштү көбөйтүүдө ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү милдети турат! Аны менен тышкы факторлордун тобокелдиктерин азайтууга жана чоң потенциалы бар туруктуу аймактык рынокту түзүүгө жетишебиз.

Бул тармактын ардагерлеринин азыркыга база түптөп, аны өнүктүрүп, кийинки муунга мурастап өткөрүп берген эмгегин баалай билишибиз керек. Эмгек жамааттарын жаш кесипкөй адистер менен толуктап, өндүрүш линиясын кеңейтип, жалпы продукциянын сапатын өстүрүүдө сиздердин салымыңыздар зор!

Тажрыйба барган сайын артып олтуруп акыркы жылдары көптөгөн тигүү, бут кийим жана текстиль ишканаларынын техникалык жактан жабдылышы кыйла жакшырып, заманбап аппараттар менен компьютердик программалар колдонула баштады.

Жеңил өнөр жай тармагынын ар бир кызматкерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин жогорку кесиптик чеберчилигиңиздер менен чыгармачылыгыңыздар үчүн чоң ыракмат айтам. Алдыбызда атаандаштык артыкчылыктарын толук пайдаланууга басым жасоо менен, жетишилген деңгээлди бекемдөө жана өндүрүштүн натыйжалуулугун арттыруу милдети турат. Өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер жана патриоттуулук бийик духуңуздар менен алдыга койгон максаттарга сөзсүз жетесиздер деп ишенем.

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш тилейм.

Ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!”.

Пикир

Оставить комментарий