• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Жол куруу жумуштары өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы зарыл

Президент 0


Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн салтанаттуу түрдө өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы атайын техниканы тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана атайын техника берилди. Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техника кирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаңы техниканын жардамы менен министрликтин материалдык-техникалык базасы күчөтүлөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров, жол – мамлекеттин, коомдун өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон, экономикалык жана социалдык өнүгүүдө терең мааниге ээ тармак экенин баса белгиледи. Алдыга жылып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулууну ишенимдүү заманбап транспорттук инфратүзүмсүз элестетүү мүмкүн эмес. Себеби: жол тармагы өлкөлөрдүн, шаарлар менен айылдардын тыгыз байланышын камсыздап, калкыбыздын күнүмдүк турмушун жеңилдетүүгө түздөн-түз салым кошот, экономиканын негизги кыймылын камсыз кылат, андан башка региондордун өнүгүшүнө, туризмдин өркүндөшүнө, инвестиция тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болот.

Президент 2026-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин жана бул багытта келечектен көптү үмүттөндүргөн чоң-чоң пландар бар экенин өзгөчө белгилеп өттү.

“Жолдорду оңдоо үчүн тиешелүү министрликти жаңы техника менен камсыз кылуу - жасалып жаткан аракеттин, үзүрлүү эмгектин натыйжасы, ал өлкөбүздө сапаттуу, заман талабына жооп берген жолдорду курууга багытталат. Бүгүнкү күндө бир катар тармактардагы жылыштарга жана реформаларга жалпы элибиз күбө. Алдыбызга олуттуу максаттарды койгонбуз, ошолорду ишке ашыруу менен көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы жол тармагын өнүктүрүү, аны тейлөөчү материалдык-техникалык базаны жаңылоо, жакшыртуу максатында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине техника алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражаттар бөлүнүп жатканын айтты. Буга чейин жол техникасы көбүнесе насыяга же гранттык негизде алынып келсе, өткөн жылдан баштап жол техникасын сатып алуу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Мамлекет тарабынан бул максаттар үчүн жалпысынан 5 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бул каражатка

2026-жылга чейин 700гө жакын атайын техника сатылып алынат.

“Азыркы учурда Кыргызстанга 265 даана техника алынып келинди. Анын баарын жол куруу иштери үчүн өткөрүп берип жатабыз. Мындай жаңы техникага ээ болуу менен жол инфратүзүмүн жакшыртууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга мыкты мүмкүнчүлүктөр жаралат деп ишенимдүү айта алабыз”, - деп, Садыр Жапаров жаңы техниканы натыйжалуу, туура багытка колдонушунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы атайын техникага аяр мамиле жасап, көздүн карегиндей сактоо зарылдыгына токтолду, анткени ар бир чакырым жол ар бир кыргызстандык үчүн жаңы мүмкүнчүлүк болуп саналат. Мамлекет тарабынан транспорт жана жол тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ушул жылы эле тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашык каражат каралды.

“Акыркы 3 жылда республика боюнча 1 000 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өттү. Ушундай темпти сактоо менен бирге өлкөбүздүн булуң-бурчундагы жолдорубузду жакшыртууга жетишебиз. Ар бир долбоор өзгөчө көзөмөлгө алынып, жумуштар өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы зарыл! Алдыбызда масштабдуу, бийик жоопкерчиликти талап кылган ири долбоорлор турат. Мен сиздердей чыныгы кесипкөй адистер менен Кыргызстандын өнүгүшүн шарттай турган асыл максаттарыбызга жетебиз, деп бекем ишенем”, - деп, президент Садыр Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевге жол-курулуш техникасынын сертификатын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий