• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садырова менен Сыдыков Жогорку Соттун судьялыгына шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө маселе каралды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталган талапкерлер боюнча КР Президентинин сунуштамасы менен тааныштырды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы кызмат ордуна Чынара Идирисовна Садырова менен Аскат Шаршекович Сыдыковдун талапкерлиги сунушталган.

Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү сот реформасы эмнеден башталышы керектигин, сот жүрүмүн видеого түшүрүү маселеси боюнча талапкерлердин пикирине кызыгышты. Ошону менен катар коомчулукта сот органдарына элдин ишеними төмөн экенин эскертип, адам тагдыры боюнча чечим чыгарууда адилеттүү мамиле жасоого чакырышты.

Жыйынтыгында бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Чынара Садырова (100 добуш) менен Аскат Сыдыков (95 добуш) Жогорку Соттун судьясы болуп шайланышты.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин, Жогорку Соттун судьялары Чынара Садырова менен Аскат Сыдыков ант беришти.

Пикир

Оставить комментарий