• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Саякбай” тасмасы Алматыда көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 20.04.18. /Кабар/. Алматы шаарында (Казакстан) “Саякбай манасчы” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп “Саякбай” тасмасы көрсөтүлдү. Иш-чарага КРнын Алматыдагы Башкы консулдугу колдоо көрсөттү. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Алматы шаарынын акимиатынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Тасма Алматыда экинчи ирет көрсөтүлүүдө. 2018-жылы 10-февралда алгачкы жолу Башкы консулдуктун колдоосу менен режиссер Э.Абдыжапаровдун, Кыргызстандын Кинематографисттер союзунуну төрагасы Т.Кулмендеевдин, Союздун мүчөсү Б.Шердин, ошондой эле Казакстандын чыгармачыл интеллигенциясынын катышуусунда өткөн.

Ошондой эле Башкы консулдук тарабынан 3-чү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча маалымдоо иштери жүргүзүлүп, Казакстандын ТИМ жана Алматы шаарынын акимиатынын өкүлдөрүнө буклеттер таратылды.

Тасма көрүүчүлөрдө жылуу пикирлерди калтырды.

Пикир

Оставить комментарий