• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Саякбай" тасмасы Монреаль кинофестивалынан "Алтын Зенит" байгесин алды

Маданият 0

Бишкек, 05.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. "Саякбай" тасмасы 41-чи Эл аралык Монреаль кинофестивалында «Мыкты инновациалык тасма» номинациясы боюнча "Алтын Зенит" байгесин утуп алды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине "Саякбай Манасчы" Коомдук фондунан кабарлашты.

Аталган тасманын аткаруучу продюссери Сүйүм Сулайманова, башкы продюссери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров.

Саякбай Каралаевдин ролун үч актер аткарды: Марат Жанталиев-карыган кезин, Бактыбек Нурмат уула-орто жашын, Үмөт Дөөлөт уулу-бала чагын. Ошондой эле, кинодо Чыңгыз Айтматов дагы бар, анын ролун жазуучунун кичүү баласы Эльдар Айтматов жаратты.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу, Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.
Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдын трилогиясынын табышмагы эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий