• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саясий куугунтук болбойт – Садыр Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Саясий куугунтук болбойт. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров сот, прокуратуранын ишине кийгилише албастыгын белгилеп кетти.

"Мен саясий куугунтук болбостугуна сөз берип кете алам. 8 жылдан бери өзүм буга кабылгам. Бир эмес, эки жолу камалып чыктым. Куугунтуктан үй-бүлөм жапа чекти. Ал эми экономикалык кылмыштуулукка жана мамлекетке зыян келтирген болсо, анда башка иш", - дейт ал.

Эскерте кетсек, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлап, жаңы өкмөттүн курамын бекитип берген.

Пикир

Оставить комментарий