• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саясий серепчи: Президенттик башкарууну жоюуну убадалап жаткан партиялар аны иш жүзүнө ашыра албайт

Коом 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Саясий партиялар шайлоо алдындагы жарыш учурунда өз максаттарына жетүү үчүн кийин аткара албай турган популисттик убадаларды беришет. Бул тууралуу "Биринчи райдионун" түз эфиринде саясий серепчи Орозбек Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, айрым партиялар эгер алар шайланса, парламентке келгенден кийин президенттик башкарууну жое тургандыгын айтып жатышат.

"Бирок ал бир партиянын ыйгарым укугу эмес. Ал үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана башка нерселер керек. Бул айрым партиялар өз максаттарына жетүү үчүн кийин аткара албай турган убадаларды берип жатканын билдирет", - деди ал.

Ал билдиргендей, мындай нерселер Кыргызстанда гана болгон жок.

"Дүйнөнүн бардык жеринде популисттер алдыга чыгып жатышат. Эл аларга ишенип, артынан ээрчип жатат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий