• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аба ырайы: бүгүн өлкө аймагында күн 30 градуска чейин ысыйт

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын табы Чүй, Талас облусунда күндүз ...+24…+29 градус, Ысык-Көлдө ...+14…+19, Нарында ...+16…+21 граду жылыйт.

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз ...+25…+30 градус ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы ...+27…+29 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий