• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо мекемелерине ыктыярчылардан, ишкерлерден жардам алууга тыюу салынган эмес - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо мекемелерине ыктыярчылардан, ишкерлерден жардам алууга тыюу салынган эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Социалдык тармактарда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эл аралык донор, бизнесмен, ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салынды деген маалымат пайда болду. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эл аралык донор, бизнесмен, ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салуу тууралу расмий тапшырма, буйрук чыгарылган эмес. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан андай тапшырмалар өлкөнүн бир дагы аймагына жөнөтүлгөн эмес. Учурдан пайдаланып, эпидемия башталгандан бери өлкө үчүн кыйын күндөрдө биздин клиникаларга, дарыгерлерге, саламаттык сактоо системасына жардам көрсөткөн ыктыярчыларга, эл аралык уюмдарга, бизнесмен, ишкерлерге, жарандарга ызаарычылык билдиребиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий