• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри жарандарды өзүн-өзү дарылабоого жана санитардык талаптарды сактоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жарандарды өзүн-өзү дарылабоого жана санитардык талаптарды сактоого чакырды.

“Тилекке каршы, биздин жарандар санитардык эрежелерди сактабай жатышат. Тойлорду өткөрүп, коноко барышууда. Мамлекеттик органда иштегендер жумуштан илдет жуктуруп алып, үйлөрүнө келгенде үй-бүлөсүнө, жакындарына жугууда. Бул жеке гигиенаны сактабагандыктан, беткап кийбегендиктен болууда. Көп адамдар үйлөрүндө өзүн-өзү дарылашып, илдеттин коркунучун сезбей жатышат”, - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий