• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 619 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 12-июнга карата коронавирус дагы 619 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 273, Ош шаарында – 110, Чүй облусу – 99, Ош облусу – 57, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 22, Жалал-Абад облусу – 26, Баткен облусу – 20 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 296 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 142, Ош шаарында – 41, Чүй облусу – 42, Ош облусу – 13, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 26, Жалал-Абад облусу – 19, Баткен облусу – 2 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 949 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 613 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 255 бейтаптын абалы орто оордукта, 585 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 857 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 669 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 109 миң 812 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 314 киши айыгып чыкса, 1 миң 881 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий