• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 800 миңден ашык вакцина сатып алууну пландоодо

Ден соолук 0

Бишкек, 30.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук-инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында 800 миңден ашык вакцина сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оорулардын алдын алуу жана мамэпид көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш айларында абанын температурасынын өзгөрүшү менен өлкөдө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук-инфекциялык оорулардын деңгээлинин жогорулашы байкалат.

“Бул октябрь айынан апрель айына чейин созулат. Эң жогору катталган мезгили декабрь айынан январь, февраль айларына чейин жүрөт. Сасык тумоонун 2019-2020-жылдын эпидсезонунда эң эле жогору катталган убактысы декабрь айынан январь айынын бешинчи жумасына чейин созулду. Былтыркы сезондо лабораториялык тактоолордун негизинде сасык тумоонун B түрү басымдуулук кылган. Ошондой эле сасык тумоонун А түрүнүн H3N2 түрү катталган”, - дейт ал.

Оторбаева оорунун алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын вакцина сатып аларын айтат.

“Быйыл дагы 111 миңден ашык вакцина сатып алууга тендер өткөрүлүп, келишим түзүлдү. Мындан тышкары, пандемияны жана күзүндө боло турган коронавирустун экинчи толкунун эске алып Саламаттык сактоо министрлигине 700 миңден ашык вакцина сатып алууга өтүнүч кат даярдалды. Эмнеге 700 миң, анткени, бат-бат ооругандар, анын ичинде жаш балдар, өнөкөт оорусу болгондор, кош бойлуу аялдар бул ооруну өтө эле оор көтөрүшөт”, - деп белгиледи Оторбаева.

Мамэпид көзөмөл бөлүмүнүн башчысы кошумчалагандай, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл сайын кайсы сасык тумоонун түрү болорун божомолдойт. Ага жараша вакцинанын түрү дайындалат.

“Быйыл вакцинанын эки түрү бар. Алар 4 валенттүү жана 3 валенттүү. Жыл сайын биз 3 валенттүү вакцинаны сатып алабыз. Анын ичинен сасык тумоонун А түрүнүн H2N3 жана H1N1 (2009) түрү, ошондой эле B түрү кирет. Сатып ала турган вакциналар тобокел тобу үчүн акысыз таркатылат. Тобокел тобуна медкызматкерлер, өнөкөт оорусу барлар, 65 жаштан жогорулар, бат-бат ооруган жаш балдар жана кош бойлуу аялдар кирет. Баарына вакцина жетишпегендиктен жеке менчик поликлиникага вакцина жасоого уруксат берилген. Ал жерден төлөм аркылуу вакцина алса болот”, - деди Оторбаева.

Пикир

Оставить комментарий