• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус эне сүтү аркылуу жугабы? – Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Ден соолук 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Акыркы учурда коронавирус жуктургандардын жаш курагы бир аз өзгөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, оору мурда 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга көбүрөөк зыянын тийгизсе, акыркы статистика көрсөткөндөй, азыр бардыгы бул илдетке чалдыгууда, алардын ичинде балдар дагы бар. Андан тышкары өзүнүн иммунитети иштелип чыга элек, ал эми энесинин иммунитети жардам бербей калган ымыркайларга жугуу коркунучу жогору.

Азыркы күндө вирус эненин сүтү менен жугат деген далилдер жок. Ошондуктан балалуу аял эмизүүсүн токтотуунун кажети жок. Бирок коопсуздук чараларын сактоосу зарыл:

- баланы эмизип же анын жанында болгондо беткап кийүү;

- баланы алардан мурда жана кийин колду самындап жуу;

- кир болуп калган жерлерди дайыма дезинфекция жасоо.

Пикир

Оставить комментарий