• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 69 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 216

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 6-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 69 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министр билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 216 кишиге жетти. Жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталган. Алардын ичинен Ош облусунда - 47 адам, Бишкекте - 5 учур, Чүй облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 адам, Ысык-Көл облусунда - 1 адам, Баткен облусунда - 1 жана Жалал-Абад облусунда - 13 адам бар.

"69 адамдын ичинен бирөөндө гана клиникалык белгилери бар. Бирок калгандарында оорунун козгогучу бар. Учурда баардыгы ооруканага жаткырылды", - деп кошумчалады ал.

216 адамдын ичинен: Жалал-Абад облусунда - 80, Ош облусунда - 94, Бишкек шаарында - 25, Баткен облусунда - 4, Нарын облусунда - 5, Ысык- Көл облусунда - 3 жана Чүй облусунда - 5 адам бар.

Пикир

Оставить комментарий