• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда коронавирус жуктурган 2 адам каза болду – министр

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда (Ош облусунда) коронавирус жуктурган 2 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, эки бейтап тең ооруканада дарыланып жаткан.

Учурда өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 4кө жетти.

Аны менен бирге министр буга чейин оорудан 10 адам айыкканын айтып, бүгүн ооруканадан дагы 13 адам чыгарыларын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин 9 адам коронавирустан айыкканы айтылган.

Белгилей кетсек бүгүн маалымат жыйында Абдикаримов Кыргызстанда коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталганын билдирди. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 23 адам оорудан айыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий