• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Коменданттык саат учурунда тартип бузган 78 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. 5-апрель саат 20:00дөн тартып 6-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган78 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 66, Ош шаары боюнча - 2, Жалал-Абад шаары - 6, Сузак району боюнча - 2, Кара-Суу районунда - 2 адам кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 1944 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий