• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын төрагалыгы астында Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Кеңешменин жүрүшүндө 2020-жылга Улуттук онкология жана гематология борборуна 60 млн сом суммасында бөлүнгөн каражатка алынчу химиялык-таргеттик дармектердин жана коштоочу дары-дармек каражаттарынын тизмеси каралды.

Аталган каражат онкологиялык оорулуу балдарды, анын ичинде Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында химиялык дарылануу алып жаткан балдарды натыйжалуу протоколдук программа менен камсыздоо максатында бөлүнгөн.

Мындан тышкары, 2020-жылга карата Улуттук онкология жана гематология борборуна 100 млн сом суммасында бөлүнгөн максаттуу каражатка алынчу химиялык-таргеттик дармектердин тизими каралып макулдашылды. Мында Ош облустар аралык онкология борборунда жана Ош облустар аралык клиникалык ооруканасындагы бейтаптардын муктаждыктары да эске алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Элнура Боронбаева белгилегендей, 100 млн сом сумасындагы көрсөтүлгөн каражат уюмдун бюджетин оптимизациялоо натыйжасында алынган жана онкологиялык бейтаптарды дарылоого багытталууда.

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинде 2020-жылга онкологиялык оорудан жабыркаган балдар үчүн дары-дармек сатып алууга 60 млн сом суммасында максаттуу каражат бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө онкологиялык дарттан жабыркаган балдарга Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүндө (35 орун, күндүзгү дарылануучу – 4 орун) жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасындагы балдар онкология бөлүмүндө (10 орун) медициналык көмөк көрсөтүлөт.

Буга катар 25 млн сомду эмчек безинин рагынан жабыркаган аялдарды натыйжалуу дарылоо үчүн зарыл болгон химиялык-таргеттик дармектерди сатып алууга жумшоо жана бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тараптан химиялык-таргеттик дармектерди борбордоштурулган сатып алууну жүргүзүүсүн жактыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий