• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салбуурун оюну өтүп, майрамдык концерт коюлат. Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө-жарманке 13-14-май күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" борборунда болот.

Нет описания.

"Жыл сайын туристтик сезон башталганда жарманке өткөрүп турабыз. Быйылкы иш-чара 13-майда саат 12:00дөн баштап башталып, ага 200дөн ашык компаниянын катышуусу күтүлүүдө. Анда облустардан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлат, улуттук аспаптардын көргөзмөсү, салбуурун оюну жана майрамдык концерт өтөт. Кечки саат 18:00дө расмий ачылуу аземи өтүп, өлкө башчынын келишин күтүп жатабыз", - дейт ал.

Министр иш-чаранын алкагында туристтик форум өтөрүн кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, 14-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында ШКУнун Run the Silk Road X эл аралык марафону старт алат.

Пикир

Оставить комментарий