• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда кыргызстандык студенттер Айтматовго арналган адабий кече уюштурду

Маданият 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү залкар жазуучу, философ, дипломат Чыңгыз Айтматовго арналган адабий кечеге катышты.

Кече Тимирязев атындагы Россия мамлекеттик агрардык университетинде, Улуттук изилдөө университети «Москва мамлекеттик курулуш университетинде» жана Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жана дүйнөлүк маданият менен адабияттын өнүгүшүндөгү зор ролу тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, «Саманчынын жолу» повестинен «Майсалбектин каты» боюнча монолог, «Толгонайдын жер энеге кайрылуусу» боюнча монолог окулду, улуттук аспаптарда кол ойнотулуп, кыргыз тилинде бир катар ырлар аткарылды, ошондой эле адабий викторина өткөрүлдү.

Мындан тышкары, университетте Чыңгыз Айматовдун китептеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий