• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга жаңы конкурс жарыялайт

Экономика 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга жаңы конкурс жарыялайт.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2021-жылдын 29-январында саат 15.00гө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, 38-каб., тел.: (0312) 61-17-94 аркылуу алууга болот.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын сентябрь айында жарыяланган мурунку конкурс акциздик маркалардын коргоо элементтерин жана касиеттерин күчөтүү боюнча талаптарды жогорулатуу максатында ноябрь айында жокко чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий