• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматынын лотереясынын катышуучуларынын саны 400 миңден ашты

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Салык кызматы учурда 400 миңден ашуун кыргызстандык өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышып жаткандыгын билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, акыркы 6 айда лотереянын катышуучулары 162 миң адамга көбөйдү.

Лотереянын катышуучулары 17,7 млрд сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүштү. 16,5 млн ашык ID-номер ыйгарылды.

Эскерте кетсек, 25-30-декабрда лотереянын утуштары өтөт, анда 1244 баалуу байгелер ойнотулат.

Алардын ичинен 25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 13:00дө.

Ал эми 30-декабрда башкы байгелер – 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Жарандардын лотереяга катышуусу ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуусун коомдук контролдоонун натыйжалуу формасы болуп саналат, ошондой эле аларга баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий