• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушун көздөй барат.

Белгилей кетсек, чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Ак-Ордо конушунун тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин аталган каттам Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттап келген.

Пикир

Оставить комментарий