• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сания Шакированын иши: Кармалган адамга 4 миллион сомго доо коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. “Дүйнө сулуусу” наамынын ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча кармалган адамга 4 миллион сомго доо коюлду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине жактоочу Рустам Абдурауфов билдирди.

Анын айтымында, маркум Сания Шакированын иши боюнча биринчи соттук процесс өткөн.

“Биз 4 миллион сомго жарандык доо койдук - ар бир баласына 1 миллион сомдон жана апасына 1 миллион сом. Сот жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан видео жана сүрөткө тартуу сунушун канааттандырды. Ал үчүн журналисттер процесске чейин кызматтык күбөлүгүн көрсөтүшү керек”, - деди жактоочу.

Ал “Тез жардам” унаасынын фельдшери жана айдоочу суракка алынганын кошумчалады.

“Алар Чыңгыз Кондурбаевге биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп жатканда андан алкоголдук ичимдиктин жыты чыгып турганын тастыкташты. Ошондой эле кырсык болгон жерден Кондурбаевди анын ак джип минген таанышы Ысык-Көлдөгү ооруканага жеткирем деп алып кеткенин айтышкан. Фельдшер нөөмөттөгү адамга чалып айткан. Бирок ооруканага барганда ал жакка жеткирилбегенин билген. Натыйжада милиция менен бирге бир жабырлануучуну “Карвен 4 сезона” эс алуу борборунан табышкан. Кондурбаевди бир күндөн кийин Бишкектеги шаардык ооруканадан табышкан”, - деди юрист.

Эске сала кетсек, Шакирова каза болгон жол кырсыгы 2-июнда Ысык -Көлдө болгон. Таксинин айдоочусу батышты көздөй бара жатып, башкаруусун жоготуп, тосмону сүзгөн. Унаада эки адам болгон. Сания Шакирова алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон, жүргүнчү жана айдоочу жаракат алышкан. Көп өтпөй рулда отурган адам Сания Шакированын болочоктогу жолдошу 31 жаштагы Ч.К. экендиги белгилүү болгон. Ал мас абалында болгондугу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий