• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүндө өгөй атасы 12 жаштагы кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Аламүдүн райондук милициясы жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатканын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 39 жаштагы А.А., аттуу жергиликтүү тургун 12 жаштагы өгөй кызын сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаганы аныкталган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен катталган.

Шектүү Жазаларды аткаруу мамлеттик мекемелердин бирине киргизилген.

Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий