• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинде 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата ар улуттун ыр-бийлери жаңырган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, ар улуттун өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Маданий иш-чарада онго жакын улуттун каада-салты, өнөр-бийлерин чагылдырган атайын көргөзмө уюштурулуп, ыр-бийлер тартууланды. Мындай саамалыктын негизги максаты улуттар аралык мамилени чыңдоо жана ар улуттун тилин сыйлоо болуп эсептелинет.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында 30дан ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт.

Пикир

Оставить комментарий