• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумгалдын Байзак айылында бала бакчанын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Нарын облусундагы Жумгал районунун Байзак айылында бала бакчанын пайдубалына капсула салынды. 120 балага ылайыкташкан бала бакчанын курулушуна мамлекет тарабынан 94 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапарынын алкагында бала бакчага капсула салуу аземине катышты.

“Келечек ээлерине алгачкы билим берүүнүн башаты бала бакчадан башталат. Андыктан мамлекет тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы имараттар курулууда. Буга бүгүнкү пайдубалы түптөлүп жаткан бала бакча анык мисал. Андан тышкары, мыйзамсыз негизде, туура эмес менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттары мамлекетке кайтарылуу иши жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди аземде сөз сүйлөгөн төрага.

Ошондой эле ал агрардык өлкө катары Кыргызстан үчүн айыл чарба тармагы дагы артыкчылыкка ээ экенин айткан Нурланбек Шакиев кийинки жылы ирригация тармагына эле 2 млрд сом бөлүнөрүн кошумчалады.

“Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн каралган каражатты туура колдонуп, каналдарды жаңылоого, арыктарды тазалоого жана жаңы жерлерди өздөштүрүүгө басым жасашыбыз кажет. Ошондой эле тоют камдоодо да кемчиликтер арбын. Буга байланыштуу быйыл жайыттарды калыбына келтирүү боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүп, 100 тонна жайыт чөбүнүн үрөнү сатып алынып, таратылды”, – деди Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий